Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Саламаттык сактоо министри жол кырсыгынан жабыркаган адамды куткарган КММАнын студентин сыйлады
06.08.2026 | 14:19

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабенова менен жолугушуп, ага Саламаттык сактоо министрлигинин Ыраазычылык катын тапшырды.
Мекеменин маалыматына караганда, 3-августта Адинай Кабенова жол-транспорт кырсыгына күбө болгон. Анын туура жана өз убагында жасаган аракеттеринин аркасында тез жардам бригадасы келгенге чейин жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы студентке кесипкөйлүгү, чечкиндүүлүгү жана кайдыгер эместиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Медицинада билим чоң мааниге ээ, бирок адамгерчилик, жоопкерчиликти өз мойнуна алууга жана эң оор учурда жардамга келүүгө даяр болуу да андан кем эмес маанилүү. Адинай өзүнүн бул аракети менен келечектеги дарыгер наамын алып жүрүүгө бүгүнтөн баштап эле татыктуу экенин далилдеди. Көрсөткөн ушул үлгүсү үчүн ага чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем», — деди Дамир Осмонов.