Кыргызстанда алты интернат 27 млн сомго оңдолду — видео

Кыргызстанда алты интернат 27 млн сомго оңдолду — видео

Бүгүн, 28-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен биргеликте Жайыл психоневрологиялык интернатынын имараттарын капиталдык оңдоо иштерин текшеришти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, социалдык мекемеде психикалык жактан жабыркаган 247 аял жашайт. Швейцария элчилигинин колдоосу менен социалдык камсыздоо системасынын алты интернатында – Жайыл, Кадамжай, Токмок, Сузак, Покровка жана Нижне-Серафимовскиде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Мекемелерде ашкана, канализация, душ жана кир жуучу системалар, мончо комплекстери оңдолгон. Бул 900дөн ашуун адамдын жашоосун жакшыртты.

«Интернаттагы камкордукка алынгандарга кам көрүү-мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Өткөн жылдан бери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен тамак-ашка карата акчалай ченемдер эки эсе жогорулады. Бул жемиштерди, жашылчаларды, ширелерди жана бышырылган азыктарды чоң ата, чоң энелердин, чоңдордун жана майып балдардын күнүмдүк рационуна айландырууга мүмкүндүк берди. Бүгүн биз алардын жашоо шартын жакшыртып, жашоосун дагы да ыңгайлуу кылдык», — деди Кудайберген Базарбаев.

Алты интернаттагы оңдоо иштеринин жалпы суммасы 27 млн сомдон ашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>