Ак-Ордодогу жер маселеси: Бир нече кызмат адамы кармалды

Ак-Ордодогу жер маселеси: Бир нече кызмат адамы кармалды

Чүйдүн Ак-Ордо конушундагы жер сатуу маселеси боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече кызмат адамы камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон.

«Текшерүүдө, Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген жарандар материалдык кызыкчылыктарды көздөшүп, Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган», — деп билдирет прокуратура.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жарандар кармалышты.

Учурда кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 3-мартта Ак-Ордо конушунда төрт балалуу Марал Шараболотованын үйү түртүлүп, ал коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 5-мартта Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлгөн келин менен жолуккан. Аны менен бирге аталган конуштун тургундарынын жер мунапысы боюнча маселесин уккан.

Анда президент жер сатуу маселеси боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевге териштирүү жүргүзүүнү тапшырган.

Аталган окуядан кийин президент жер мунапысы боюнча жыйын өткөрүп, Чүй облусунун башчысын жана Сокулук районунун акимин иштен алууну тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>