Сууга чөгүп кетүүнүн санын азайтуу үчүн ӨКМ жаңы эреже сунуштады

Сууга чөгүп кетүүнүн санын азайтуу үчүн ӨКМ жаңы эреже сунуштады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууда жүрүм-турумдун жаңы эрежелерин сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Авторлор 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен өлкөнүн суу объектилериндеги адамдардын өмүрүн сактоо эрежелери иштелип чыгып, кабыл алынганын эске салышат.

«Эрежелерди колдонуунун көп жылдык практикасы көрсөткөндөй бассейндердин жетекчилеринин көпчүлүгү коопсуздук чараларын талаптагыдай аткарбай, сууда куткаруучуларды даярдоого жана бассейндердин, пляждардын түбүн  тазалоого көңүл бурушпайт», — деп эсептейт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Ведомстводон белгилешкендей, профессионалдуу куткаруучуларды даярдоо менен гана маселени комплекстүү чечүү мүмкүн эместигин белгилешет.  Суудагы кырсыктардын алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү.  Долбоордун алкагында жогорку жана кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн суудагы коопсуздук боюнча эки сааттык семинарлар өткөрүлөт.

ӨКМ статистикалык маалыматтарды келтирди: акыркы үч жылда сууга чөккөндөрдүн эң көп саны Чүй облусунда, андан кийин Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Чиновниктердин айтымында, мунун себеби Чүй облусунда сууга түшүүгө жараксыз бассейндер көп.

Долбоор эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө шарттарына өзгөртүү киргизет. Анда 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул каралган. Кызмат адамдары тарабынан укуктук ченемдик актынын талаптарын бузууда 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Сууга түшүү сезону башталганга чейин эскертүү жана алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө сунушталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы эреже кабыл алынгандан кийин суудагы кырсыктардын саны 30 пайызга азаят деп эсептейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>