Бажы кызматы: ЕАЭБде оң рулдуу унааларды импорттоого тыюу жок

Бажы кызматы: ЕАЭБде оң рулдуу унааларды импорттоого тыюу жок

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды импорттоого тыюу салуу — Ички иштер министрлигинин позициясы, ЕАЭБ алкагында андай тыюу салуу жок. Бул тууралуу 6-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева билдирди.

Комитеттин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков көпчүлүк жарандар оң рулдуу унааларды сырттан ташып келүүгө уруксат берүүнү суранып жатканын, ошол эле учурда «ЕАЭБ алкагында тыюу салынган» деп айтылганы менен уюмдун башка мүчөлөрү аталган унааларды импорттоого уруксат бергенин белгиледи.

«Россия менен Армения оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат беришти. Ал эми, биздикилер макулдук бербегенинине «ЕАЭБдин алкагында ушундай талап коюлду» деген шылтоону айтып жатышат», — деди ал.

Мамбетжунушеванын айтымында, ЕАЭБдин алкагында оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салынган эмес.

«Тыюу салынган эмес. Бул Ички иштер министрлигинин позициясы», — деди ал.

Андан кийин депутат Айдарбеков тактоо иретинде «оң рулдуу унааларды алып келбөө Кыргызстандын ички позициясыбы, өкмөт өзү чече ала турган маселе экен да» деген суроо узатты.

«Туура. Мекемелер аралык комиссиясын чечими болгон», — деди Мамбетжунушева.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2015-жылдын жай айларынан тарта оң рулдуу унааларды импорттоого тыюу салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>