Кыргызстанда «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды

01.07.2026 | 15:36
Кыргызстанда «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

Жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага айына 1200 сомду түзөт. Арыз берүү мобилдик тиркеме же министрликтин аймактык башкармалыктары аркылуу жүргүзүлөт. Июль айында арыз бергендер августтан тарта каражат ала алышат. Төлөмдөр «Элдик Банк» жана «А Банк» аркылуу ишке ашырылат.

Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, өлкөдө 3 жашка чейинки балдардын саны 440–470 миңдин тегерегинде. Арыз тапшыруу үчүн ата-эненин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат.

Бул жөлөкпул «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын негизинде берилет. Кабыл алуу башталгандан бери 1000ге жакын арыз түшкөнү маалымдалды.

Scroll to Top