Сооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?
Кыргызстандык окуучулар Балкан физика олимпиадасында 4 коло медаль жеңишти
01.07.2026 | 15:27

27–30-июнь күндөрү Стамбул шаарында 8-Балкан физика олимпиадасы (BPO 2026) өттү. Ага Кыргызстандын атынан катышкан төрт окуучу тең коло медаль алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Сыйлыкка ээ болгондор:
- Марсель Касымов — «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Нурбол Мырзабеков — «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Умар Туташбаев — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу;
- Истеми Тазабеков — «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 9-классынын окуучусу.
Министрлик бул медалдар Кыргызстандын аталган мелдешке катышуу тарыхындагы алгачкы сыйлыктары экенин билдирди. Олимпиадага 13 өлкөдөн 51 окуучу катышып, теориялык маселелерди аткарышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим