Кыргызстанда бир аптада 289 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир аптада 289 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда өткөн аптада мас абалында унаа айдаган 289 айдоочу кармалды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, соңку аптада 16 миң 480 жол эрежесин бузуу аныкталган.

Анын ичинде:

— катуу ылдамдыкта унаа айдагандар – 3 миң 231;
— автоунаанын тиешелүү документи жок болгондор – 239;
— унаа каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4 миң 631;
— автоээнбаштык – 2;
— жол эрежелерин бузган жөө жүрүүчүлөр – 495;
— жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6 миң 522;
— унаанын маңдайкы жана (же) алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алгандар – 30;
— мас абалында унаа айдагандар – 289.

Ошондой эле айып аянтчасына 1 миң 302 унаа токтотулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>