Жаңы-Арыкта жаштар жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй куруп беришти

Жаңы-Арыкта жаштар жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй куруп беришти

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай демилгени Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн имамы Темирлан ажы Токоев көтөргөн.

Курулушка жалпысынан 935 миң сом керектелип, аны аталган айылдын 1996-жылы туулган жаштары жыйнаган.

Жаштардын бул иш-чарасын айыл өкмөттүн башчысы Талан Исаев колдоп, жаштарга Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Ардак баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, жалгыз бой эненин эки уулу болсо, экөөсүнүн биринин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Мындай ишке кайдыгер карабаган айыл эли да өз салымын кошуп, жаштарга жардам берген.

Аталган айыл өкмөттүн имамы Темирлан ажы Токаевдин демилгеси менен былтыр да бир муктаж үй-бүлөгө үй курулуп берилген. Имамдын мындай демилгелерин айыл жаштары баалап, ага унаа белек кылышкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>