Кыргызстанда «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүлө баштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2027-жылдын 21-23-октябрында борбор калаада өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Касымалиев жыйынды ачып жатып, алдыдагы форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.

Анын айтымында, саммит эң жогорку деңгээлде өтүшү керек, анткени ал тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүк күн тартибин калыптандырууга багытталган. Касымалиев саммит Кыргызстандын негизги эл аралык демилгелеринин бири болуп саналарын жана өлкөнүн глобалдык масштабдагы демилгелерди алдыга жылдырууга жөндөмдүү мамлекет катары макамын тастыкташы керектигин баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү иш-чарага даярдык көрүүнүн жүрүшүн карап чыгышты жана форумду уюштуруунун практикалык баскычына өтүү үчүн зарыл болгон бир катар чечимдерди кабыл алышты.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле уюштуруу комитетинин курамына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери коюлган милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартарын билдирди.
Ал саммитти өткөрүү Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөө үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, даярдык көрүү графигинин так сакталышын камсыздоону тапшырды.