Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.
«Төртүнчү толкун башталды деп расмий жарыялай берсе болот. Саламаттык сактоо системасы оору менен күрөшүүгө толук даяр», — деди ал.
Жыл башынан бери коронавирус жуктургандардын саны тездик менен өсүп, кечээ 465 адамдан вирус аныкталды.