Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Кыргызстанда дем алышта кармалган 41 мас айдоочуга айып салынды
01.12.2024 | 15:12
Кыргызстандын аймагында дем алышта жол эрежелерин одоно бузган 2842 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, жол эрежелерин бузган бир катар айдоочулар аныкталды.
Алардын ичинен;
– мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу;
– тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 29 айдоочу;
– ылдамдыкты ашырып айдаган 578 айдоочу;
– каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 24 айдоочу;
Ошондой эле 286 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короо жайына токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар