Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда жай мезгилинде электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасы маалымдады.

Маалыматка караганда, аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу электр энергияны колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды.19-июлга карата бир суткада 34 млн кВт саат электр энергиясы сарпталган болсо, 2020-жылы бул көрсөткүч 28 млн кВт саатты түзгөн.

Электр энергиясын колдонуунун өсүшү менен Токтогул суу сактагычындагы суунун керектөөсү дагы жогорулап, суунун агып кирүүсү менен теңелди.

Учурда суунун көлөмү 12,7 млрд кубометр болсо, суунун агып кирүүсү 538 метр кубду түзөт. Ал эми керектөө 458 метр кубга жетти.

Бул кырдаалдарга байланыштуу Улуттук энергохолдинг ишканасы энергетика түзүмүнүн үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>