Башкы прокуратура Ташиевдин ишин сотко өткөрүп бердиКыргызстанда «Альфа» тобунун жоокерлерин эскериштиБишкекте чоң аталарынын майдандан жазган каттарын окуп берген балдар сыйландыМайыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик кызмат жеткиликтүүрөөк болотБишкекте жарандар акысыз кардиологиялык текшерүүдөн өтө алышатABank VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы болду
Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү төмөндөдү
24.11.2022 | 22:12
Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанда 10 миллиард 309,1 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 698,5 миллион киловатт-саатка аз. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Ошону менен бирге быйылкы жылдын октябрь айында 770 миллион 800 миц киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөң. Бул 2021-жылдын октябрына салыштырмалуу 381 миллион 400 миңге аз. Электр энергиясын өндүрүү жана берүү көлөмүнүн төмөндөшү 33,1%ды түздү.
Бул электр энергиясынын, газдын, буу жана кондициялоонун көлөмүндө чагылдырылган. Январь-октябрь айларында алар 34 миллиард 433,2 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 8,2%га азайган.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика