Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөөнүн рекорддук көрсөткүчү катталды
30.06.2026 | 14:05

Кечээ, 2026-жылдын 29-июнунда, Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жетти. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын (КУЭТ) басма сөз кызматы билдирет.
Салыштыруу үчүн айтсак: 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 миллион киловатт-сааттын тегерегин түзгөн.
КУЭТ электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнүн негизги себептери катары төмөнкүлөрдү атады:
- көп батирлүү үйлөрдүн (МИК – Мамлекеттик ипотекалык компания), социалдык жана өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилишин;
- электр энергиясын керектөөчүлөрдүн санынын жыл сайын орточо эсеп менен 30 миң абонентке көбөйүшүн.
Улуттук электр тармагы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
«Колдонулбаган тиричилик электр шаймандарын өз убагында өчүрүү жана электр энергиясына аяр мамиле кылуу ар бир жаранга энергосистеманын туруктуу иштешине өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, электричество