Кыргызстанда издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды

Кыргызстанда издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды

Аламүдүн районунда мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Лебединовка айылында мурда борбор калаанын Биринчи Май райондук соту тарабынан чек араны мыйзамсыз түрдө кесип өткөнү үчүн айып пулга жыгылган Тажикстандын 29 жаштагы З.М. аттуу жараны жашап жатканы маалымдалган. Ошондой эле ал өз мекенинде мурда бир нече жолу оор кылмыштар үчүн соттолгондугу маалым болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Биринчи май райондук сотунун чечимин аткарбаганы үчүн айып пул түрүндөгү жаза эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>