Кыргызстанда качкын макамын алуу эрежелерин катаалдаштыруу каралууда — кеңири маалымат

Кыргызстанда качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтөрдү каттоонун тартибин өзгөртүү жана баш тартуу үчүн негиздерди кеңейтүү сунушталууда. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Качкындар жөнүндө» мыйзамга киргизүүнү сунуштайт.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, мыйзам долбоору мыйзамдарды Конституцияга, качкындарды коргоо жаатындагы эл аралык келишимдерге жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан. Өзгөртүүлөр ошондой эле башпаанек издеп Кыргызстанга келген чет элдиктердин өтүнүчтөрүн кароо тартибин жөнгө салууга багытталган.
Негизги жаңылыктардын бири кайталап кайрылууларга тиешелүү. Эмгек министрлиги эгер адамга буга чейин качкын деп таануудан баш тартылса жана жаңы же кайрадан ачылган жагдайлар жок болсо, өтүнүчтү каттабоону сунуштоодо.
2022-жылдан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ушундай 160ка жакын кайрылуу түшкөн. Тийиштүү чектөөлөр жок болгондуктан, аларды кайрадан каттап, карап чыгууга туура келген.
Ошондой эле Кыргызстандын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү бар жактарга, ошондой эле КРга келгенге чейин өлкөдөн тышкары жерде саясий мүнөздө болбогон оор кылмыш жасаган деп болжолдоого олуттуу негиздер бар адамдарга баш тартуу каралган.
Дагы бир категория — буга чейин Кыргызстанда качкын макамына ээ болгон, бирок өз ыктыяры менен чыккан өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен чет элдиктер.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин убактылуу кармоо жайларында отурган 26 чет элдик жаран өздөрүн качкын деп таануу тууралуу арыз менен кайрылышкан. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул укук коргоо жана миграция органдарынын ортосундагы кошумча координацияны талап кылат.
Дагы бир өзгөртүү мөөнөттөргө байланыштуу: кайрылууларды, анын ичинде электрондук түрдө берилген арыздарды 14 жумушчу күндүн ичинде каттоо сунушталууда. Бул арыз ээсинин өздүгүн тактоо, документтерди тариздөө, зарыл болгон учурда котормочу менен камсыз кылуу жана башка процесстик кепилдиктерди сактоо зарылдыгы менен түшүндүрүлөт.
Өзгөртүүлөр качкындын күбөлүгүнө да тиешелүү. Аны курагына карабастан качкын деп таанылган ар бир үй-бүлө мүчөсүнө өзүнчө тариздөө сунушталууда. Долбоордун авторлорунун айтымында, бул мамлекеттик маалымат базаларында жана реестрлерде ар бир адамдын өздүгүн так аныктоого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык келген жол жүрүү документин иштеп чыгууну жана киргизүүнү эске алуу менен, туулгандан баштап качкын деп таанылган адамдарга күбөлүк берүү каралууда.
Эгер адам күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндөн кийин бир жыл ичинде аны узартуу үчүн кайрылбаса, качкын макамын жокко чыгаруу сунушталууда. Демилгечилердин пикиринде, бул чара эсепти жаңылоого, кыянаттык менен пайдалануулардын алдын алууга жана келечекте коргоо берүү үчүн негиздердин бар экендигин өз убагында текшерип турууга мүмкүндүк берет.
Мыйзам кабыл алынган учурда, ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.