Велосипедден батирге чейин: Канттык курьер тамак ташып, кантип өз үйүнө акча тапты?

14.09.2026 | 11:16
От велосипеда до квартиры: как курьер из Канта заработал на доставке еды на собственное жилье — Новости Кыргызстана

2023-жылы 29 жаштагы Эмил Ашыралиев жумуш издеп Москвага барган. Ал кезде курьердик жеткирүү кызматы тууралуу дээрлик эч нерсе билчү эмес, бирок дал ушул кесип анын кийинки бир нече жылдагы жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрттү.

Башталышы оңойго турган жок. Эмил 2023-жылдын мартында велосипедди ижарага алуу үчүн автопаркка барганын, ал эми эртеси күнү бюрократиялык түшүнбөстүктөргө туш болгонун эскерет: ага жумушчу убакытты (слотторду) алдын ала ээлеп коюу керектигин эч ким түшүндүргөн эмес. Ошондон кийин ал башка жумуш издеп дүкөнгө орношкон, бирок ал жакта көпкө кармалбай, курьерликке кайра олуттуу киришти.

Алгачкы жумалар абдан оор өттү. Тизеден кар кечип, Эмил кандай кийинүүнү жакшы түшүнбөй, көп ооруп калчу. Тапканы да көңүл жубаткан эмес: биринчи жумада болгону 5 000 рублдей чыккан. Бирок бир айдан кийин эле абал өзгөрдү — ал сервистин стандарттарын жана платформанын иштөө эрежелерин өздөштүрүп, жумалык кирешеси 20-22 миң рублга чейин өстү.

Жети ай бою кадимки велосипед менен иштеди, кийин автопаркка жеткирүүнү кыйла жеңилдеткен электровелосипеддер келди. Тажрыйбанын топтолушу менен катар ийгилик да келди: ал тез эле мыкты курьерлердин катарына кошулуп, жаңы келгендерге ишке көнүшүүгө жардам бере баштады.

Өздүк турак жайга ээ болуу кыялы дароо эмес, акчасы көбөйгөн сайын акырындап пайда болду. Иштегенинин экинчи айынан баштап эле Эмил айына 100 000 рублден чогултуп баштаса, экинчи жылы болжол менен беш айда бир миллион рублден топтой баштаган. Ошондо гана анын башында: «бул акча батирге жумшалат» деген так ой жаралган.

«Чынын айтсам, ал кезде кыймылсыз мүлктүн баасы канча болорун так билбей деле, жөн гана акча топтой берчүмүн», — дейт ал.

2025-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келгенде, Эмил курьерликте үч жылга жетпеген убакытта топтогон 5 миллион рублден ашык акчасын ала келген. Учар алдында эле өзүнүн туулган шаары Канттан батирлерди караштырып баштаган. Жарнактардан ылайыктуу вариантты көргөндөн кийин, башка үйлөрдү көрүп убакыт коротпостон, келери менен дароо сатып алган.

Батирди 29-декабрда сатып алганы өзгөчө символдуу болду.

«Жылды жакшы жыйынтыктоо үчүн дал ушул 2025-жылы, Жаңы жылга чейин сатып алгым келген», — деп түшүндүрөт ал.

Санкт-Петербургга көчүп кетип жаткан батирдин мурдагы ээлери ачкычты килемченин алдына калтырып кетишкен. Эмил өзүнүн биринчи үйүнө жалгыз өзү кирген. Анын айтымында, ашыкча сезимдер деле болгон жок, тескерисинче, болуп өткөн чоң окуяга таң калуу сезими басымдуулук кылган.

Батир эски болуп чыгып, капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылды: электр зымдарын, сантехниканы, жылытуу системасын, терезелерди, эшиктерди жана ваннаны толугу менен алмаштырууга, жыгач полдун ордуна куюлма пол жасоого туура келди. Башында жумушчулар кеткенден кийин, Эмил бош батирде калып, сааттап келечектеги үйү кандай болушу керектигин ойлонуп отурар эле.

Эмил көчүп келгенден кийин да курьерликти таштаган жок. Болгону азыр буюртмаларды Кант шаарында жеткирет. Яндекс Go жеткирүү кызматы анын туулган шаарына да жеткенин ал кокусунан билип калган: Москвада жүргөндө жердеши — кесиптин сырларын өзү үйрөткөн дагы бир курьер менен таанышкан. Ал мекенине эрте кайтып келип, Кантта да жеткирүү кызматы ачылганын айтып берген.

Шаардын чакандыгына жана буюртмалардын агымы азыраак экенине карабастан, ал бул жерде да жогорку деңгээлди — сервистин рейтингинде «Платина» статусун кармап турат. Өзүнүн баамында, ал Кант боюнча орточо айлыктан эки эсе көп табат.

«Эгер оңдоп-түзөө иштери болбогондо, акчага кенен эле жашамакмын», — дейт ал.

Азыр Эмилдин жашоосу эки негизги иштин — буюртмаларды жеткирүү жана үйдү оңдоп-түзөөнүн тегерегинде өтүүдө. Ал жумуш графигин курулушка ылайыкташтырып алган: буюртмалардын ортосунда үйүнө кирип чыгат, бош убактысында айрым жумуштарды өзү жасайт. Анын айтымында, негизги оор иштер артта калды, курулуш материалдарынын көбү сатып алынды, ал эми ремонтко кеткен жалпы чыгым жарым миллион сомго чамалады. Максаты — жыл аягына чейин баарын толук бүтүрүп, жаңы батирине көчүп кирүү.

Ремонттон кийинки максаты — автоунаа сатып алуу. Кыш жакындаган сайын скутер менен иштөө мүмкүн болбой калат, ошондуктан Эмил же агасынын машинасын алып турат, же өзүнө унаа сатып алууга үлгүрөт — ага да ремонттун чыгымдары менен катарлаш акча топтоодо.

Эмилдин байкоосунда, Кыргызстанда курьерге карата дагы эле «турмушу оор адам» деген стереотип жашап келет. Бирок өзүнүн тажрыйбасы мунун тескерисин көрсөттү: Москвада жеткирүү кызматында башка тармактарда деле ийгиликке жеткен адамдар көп иштешчү.

Анын пикиринде, кеп кесиптин өзүндө эмес, эрежелерди түшүнүүгө болгон даярдыкта. Сервистин стандарттарына баш ооруткусу келбеген жаңы келгендер көбүнчө өздөрүн алдап жатышат деп ойлошот, бирок себеби таптакыр башкада. Ал өзү да ишин жаңы баштаганда ушинтип ойлочу. Бүгүн Кантта иштеп, ал курьерликтен айына болжол менен 1000 доллар табарын жана Бишкекте бул сумма мындан да көп болушу мүмкүн экенине ишенет.

Теги: жумуш
Scroll to Top