Кыргызстанда каржы акыйкатчысы пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда каржы акыйкатчысы пайда болушу мүмкүн

2025-жылдын башынан тарта Кыргызстанда каржы акыйкатчысы пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн бюджет комитетинин жыйынында Улуттук банк жана банк иши жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Эл өкүлү бир катар сунуштарды киргизди, алардын негизгилери 2025-жылдын 1-январынан тарта финансылык медиатор институтун киргизүү.

«Бүгүнкү күндө каржылык акыйкатчы керек, анткени банктар акыркы убакта кошумча комиссияларды алуу, эсептен чыгаруу, рыноктук эмес валютаны конвертациялоо менен күнөөгө батып, кредитти төлөй албай калган карыз алуучулардын пайызы да өсүп жатат», — деп комментарий берди депутат.

Бекешев каржы акыйкатчысынын ишин каржылоо керектигин, ошондуктан мындай институтту түзүү 2025-жылга жылдыруу сунушталганын баса белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>