Бишкекке Ирандын президентинин Афганстан боюнча өкүлү келди

Бишкекке Ирандын президентинин Афганстан боюнча өкүлү келди

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Иран Ислам Республикасынын Президентинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкек шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Иран делегациясы менен жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана КР ТИМинин Афганстан боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков катышты.

Тараптар Афганстандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти.

Каземи Куминин Кыргызстанга сапары анын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон регионалдык турнесинин алкагында өтүп жатканы белгиленет. Буга чейин ал жумушчу сапары менен Тажикстан менен Өзбекстанда болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>