Кыргызстанда көмүрдүн сапатын текшере турган лаборатория ачылды

Кыргызстанда көмүрдүн сапатын текшере турган лаборатория ачылды

Кыргызстанда көмүрдүн сапатын текшере турган заманбап лаборатория ачылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-апрель күнү министр Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин базасында көмүрдүн сапатын текшерүүчү лабораторияны салтанаттуу түрдө ачты.

Министр департаменттин директору Гульзат Жолчубековага компьютерлерди жана принтерлерди тапшырды. Ал эми 12 кызматкер М. Тургунбаевдин колунан көмүрдүн сапатын текшерүүчү жабдуулар менен иштөөгө укук берүүчү (күлдүн, нымдуулуктун, калориялуулуктун, көмүртектин жана күкүрттүн курамын аныктоо үчүн) сертификаттарын алышты.

Экологиялык мониторинг департаментинин (башында Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Инспекциялык жана аналитикалык контролдоо борбору) 1990-жылдан бери иштейт. Бирок каржылоонун жана адистердин жетишсиздигинен жана имаратта оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн улам, ал эл аралык стандарт боюнча аккредитациялоо процедурасына кайрыла алган эмес.

2022-жылы аккредитациялоо талаптарын ишке ашыруу максатында документтер иштелип чыгып, ЭМДнин ишмердүүлүгүнө сапат менеджменти системасы киргизилип, министрликтин алдындагы тармактар аралык окуу борборунда «Үлгү алуу» программасы боюнча 4 адис жана жогорку басымдагы сосудтар менен иштөөдө 3 адис окутулуп, тиешелүү сертификаттарды алышкан. Ошондой эле департаменттин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Санитардык нормаларга жана эрежелерге жооп берген лабораториялык эмеректер, көмүрдүн сапатын аныктоочу жаңы жабдуулар Жаратылышты өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынып, баланска өткөрүлдү. Бардык айтылган пункттарды ишке ашырууга 19 миллион сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>