Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Депутат: Дыйкандарга 6 пайыздык насыя берилбей жатат
06.04.2023 | 21:34
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя дыйкандарга берилбей жатканын билдирди.
“Биз эл менен жолугушууга бардык. Эл абдан нааразы экенин белгилегим келет. Келгиле, министрлер кабинети менен чогуу отуруп, бул каражатты дыйкандарга кантип алып келүүнү ойлонолу же жөн эле берүүнү токтотолу”, – деп сунуштады депутат.
Эске сласак, быйыл Айыл чарба министрлиги “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” программасы боюнча 3 миллиард 300 миллион сом, “Айыл чарбасын каржылоо” программасы боюнча 3 миллиард сом жылдык 6 пайыз менен берүүнү пландап жатканын билдирген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом