Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 42 бейтап айыкты
01.05.2020 | 10:09
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 42 бейтап айыкты. Бул тууралуу 1-майда брифинг учурунда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Айыккандардын ичинен сезигизи Бишкектен, ону Ош шаарынан, тогузу Ош облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, 11 бейтап Нарындан, бир бейтап Ысык-Көл облусунан айыгып чыкты”, – деди Акматова.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 504 болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом