Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм сериал тартыла баштады
19.08.2026 | 14:02

Кыргызстанда «Куткаруучулар» аттуу жаңы көркөм сериал тартыла баштады. Сериалда куткаруучулардын кесиптик ишмердүүлүгү, адам өмүрүн сактоодогу кайраттуулугу жана күнүмдүк эмгеги баяндалат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Сериал «Cheber Production» киностудиясы тарабынан тартылат. Анын режиссёру жана продюсери — Азамат Исмаилов. Анда Кыргызстандын белгилүү актёрлору роль жаратышат. Ошондой эле тартуу иштери өлкөнүн бир катар аймактарында жүргүзүлөт.
Министрлик сериалдын максаты куткаруучулардын кесибинин маанилүүлүгүн коомчулукка таанытуу болуп саналарын билдирди. Долбоор Кинематография департаментинин жана «Кыргызсериал» мекемесинин колдоосу менен ишке ашырылат.