Курумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видео

Ыктыярчылар Курумду чокусунун деталдуу санариптик моделин түзүштү. Бул модель жоголгон альпинисттер тобун эки жумалык издөө учурунда алынган маалыматтарды системалаштырууга жардам берди. Бул тууралуу издөө операциясынын катышуучусу Александр Смирнов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, санариптик картага издөө учурунда табылган бардык буюмдар координаттардын мүмкүн болгон катачылыгын көрсөтүү менен, кулоонун болжолдуу сызыктары жана дрондордун жардамы менен изилденген аймактар түшүрүлгөн.
Алынган маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, тоо боорунун негизги тилкесинин 69%ы мурда кадрга түшкөн эмес. Мындан кийин издөөчүлөр ишин корректировкалап, биринчи кезекте дал ушул тилкелерди видеого тартышкан.
«Карта. Ыктыярчылар тоонун санариптик моделин түзүштү: табылгалар катачылыкты баалоо менен, кулоонун болжолдуу сызыктары, съемканын камтуусу. Ал тоо боорунун негизги тилкесинин 69 пайызы дагы деле кадрга түшө электигин көрсөттү. Бул тилкелер биринчи кезекте кайра тартылды», — деди Смирнов.
Издөөчүлөр санариптик картаны жалпыга жеткиликтүү кылышты. Ал тоонун кайсы жерлери кылдат изилденгенин, ал эми кайсы жерлери камералардын көрүүсүнө кирбей калганын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Издөө операциясынын катышуучусунун айтымында, картада сүрөттөн көлөмү 20 сантиметрден баштап буюмду айырмалоого боло тургандай дааналыкта (разрешение) тартылган зоналар белгиленген. Ошондой эле эч бир кадрга түшпөй калган тилкелерди да аныктоого болот.

Мындан тышкары, система картадан белгилүү бир чекитти тандап, бул тилкени кайсы видеожазуулар камтый турганын жана ал кадрда кайсы секундада пайда болорун аныктоого мүмкүндүк берет.
Мындай ыкма издөө штабына дрондордон алынган материалдарды көрүүдө пайда болгон көптөгөн версияларды текшерүүгө жана ар бир текшерүүнүн жыйынтыгын эске алууга мүмкүнчүлүк берди.
Буга чейин Смирнов панорамалык сүрөттөрдөн табылган айрым объекттер башында альпинисттердин мүмкүн болгон издери катары кабыл алынганын айткан. Тактап айтканда, 5 миң 100 метрдей бийиктиктеги кара тактар адамдын сөлөкөтүнө окшош болгон. Жакын аралыктан кайра тарткандан кийин алар таш экени белгилүү болгон.
Издөө иштеринин жүрүшүндө панорамалык сүрөттөрдөгү объекттердин координаттарын аныктоодогу так эместиктердин себеби да аныкталган. Дрондун лазердик аралыкты өлчөгүчү табылган буюмга чейинки эмес, кадрдын борборуна чейинки аралыкты өлчөгөн. Рельефтин өзгөчөлүктөрүнөн улам катачылык бир нече жүз метрге чейин жетиши мүмкүн эле.
Андан кийин, объекттерди санариптик картага түшүрүүдө издөөчүлөр координаттардын мүмкүн болгон катачылыгын эске алып, панорамалык съемканы бир нече позициядан тарта башташкан.
Смирновдун айтымында, эки жумалык издөөнүн ичинде дайынсыз жоголгон үч альпинисттин тең буюмдарын табууга жана топтун мүчөлөрү бир байламтада (связка) бара жатканын, бөлүнбөгөнүн аныктоого мүмкүн болду.
Андан тышкары, тоо кырында болжол менен 5 миң 400 метр бийиктикте издөөчүлөр кар-муздун жаңы үзүлүп түшкөн аймагын аныкташкан. Топтун мүчөлөрүнүн буюмдары табылган жерлердин негизинде түзүлгөн кулоонун болжолдуу сызыктары дал ушул жерге барып такалат.
16-августта дрондун жазууларын көрүү учурунда, мурда табылган буюмдардын жанындагы кар-таш массасы түшкөн жерден сөөктөр табылган.
Смирновдун айтымында, алар жоголгон топтун мүчөлөрү болушу толук ыктымал. Өздүгүн сөөктөрдү алып түшүү операциясы жүргүзүлгөндөн кийин гана тактоого болот.
«Эки жума мурун топтун тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз болчу. Азыр кырдаал айкын болду. Толугу менен болбосо да, алда канча кеңирирээк маалымат бар», — деп белгиледи ал.
Учурда издөө операциясынын талаа этабы аяктады, бирок штаб ишин улантууда. Ыктыярчылар жана адистер издөө учурунда тартылган бардык материалдарды карап чыгууну жана талдоону улантып жатышат.
Ошол эле учурда сөөктөрдү алып түшүү операциясы иштелип чыгууда. Алдын ала маалымат боюнча, ал августтун аягында же сентябрда өткөрүлүшү мүмкүн. Так мөөнөтү аба ырайынын шарттарына жана тобокелдиктерди баалоого жараша болот.
Буга чейин издөө операциясынын катышуучулары сөөктөр табылган аймак таш жана кар көчүү коркунучунан улам кооптуу бойдон калып жатканын белгилешкен. Ошондуктан жер үстүндөгү операцияны жүргүзүү чечими куткаруучулардын коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынат.
Смирнов ошондой эле дрон операторлору Артёмго, Искандерге жана Викторго, аналитиктерге жана видеолорду карап чыккан жүздөй ыктыярчыга ыраазычылык билдирди.
Ал лагердин ишин жана унаа жолунан берки акыркы 12 чакырымдагы логистиканы камсыз кылган Кыргызстандын ӨКМнин жана Чоң-Алай отрядынын куткаруучуларынын эмгегин, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жардамын өзгөчө белгиледи.
Издөө операциясына Кыргызстандын жана Беларустун альпинизм федерациялары да катышкан. Беларустун жана Литванын тышкы иштер министрликтери көмөк көрсөткөн.
9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.
Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 – 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.
Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.
Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.
Анара Мамытова