Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасы бекитилди

Министрлер кабинети Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасын бекитти. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамын аткаруу максатында кабыл алынды жана жакынкы үч жылда мамлекеттик тил саясатын андан ары ишке ашырууну карайт.
Программа менен бирге аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, максаттуу индикаторлордун матрицасы жана зарыл болгон финансылык ресурстарды баалоо бекитилди.
Документке ылайык, министрликтер, мамлекеттик органдар, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары программанын иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылышы керек.
Ошондой эле алар жарым жылда бир жолу жана жыл сайын Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга программанын ишке ашырылышы жана белгиленген көрсөткүчтөргө жетүүсү тууралуу отчет берип турууга милдеттүү.
Өз кезегинде Улуттук комиссия маалыматтарды жалпылап, Президенттин Администрациясына жөнөтүп турат.
Ошону менен бирге, бул документ менен 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, ошондой эле ага 2022 жана 2023-жылдары киргизилген өзгөртүүлөр күчүн жоготту деп таанылды.
Токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.