Виктория Мозгачева билим берүү министринин орун басары болду

14.07.2026 | 13:49
Виктория Мозгачева билим берүү министринин орун басары болду — Новости Кыргызстана

Виктория Мозгачева билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына өздүк булактар билдирди. Алардын маалыматына караганда, аны эмгек жамаатына тааныштыруу өткөн жумада, 10-июлда эле болгон.

Эскерте кетсек, Мозгачева 2020-жылдын 28-июлунан тартып Бишкек шаарынын мэринин орун басары кызматын ээлеп келген. 2026-жылдын 15-июнунда ал «башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу» деген формулировка менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын июнь айынын башында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн майрамда цензурадан тышкары (сөгүнгөн) сөздөрү бар музыкалык тректер жаңырганына байланыштуу чуу чыккан.

Шаардык мэрия ыкчам түрдө кызматтык иликтөө жүргүзүп, кадрдык жана тартиптик катуу чараларды көргөн: вице-мэр Виктория Мозгачевага катуу сөгүш берилген, маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешевага сөгүш жарыяланган, ал эми маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан бошотулган.

Анара Мамытова

Scroll to Top