Кыргызстанда кызамыкка каршы кандай чаралар көрүлүп жатат?

Кыргызстанда кызамыкка каршы кандай чаралар көрүлүп жатат?

Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамык оорусуна каршы кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.

2024-жылдын башынан бери 3570 адамдан кызамык оорусу аныкталган. Вирус Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында көп жайылууда.

Оорулуулардын көбөйүшүнүн негизги себеби болуп балдар жана чоңдор арасында кызамык жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көп саны калууда.

Кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкү чараларды көрүп жатат:

— республика боюнча пландуу иммунизациялоону күчөтүү;

— кызамык менен байланышта болгон адамдарды эмдөө;

— эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен профилактикалык чараларды күчөтүү;

— Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин арасында окууларды өткөрүү.

Кыргызстанда жыл башынан бери 3570 адам кызамыкка чалдыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>