Кадамжайда сел унааны агызып кетип, айдоочуну куткарып калышты

Кадамжайда сел унааны агызып кетип, айдоочуну куткарып калышты

Баткен облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү кечинде Баткен жана Кадамжай районунун бир катар айылдарында катуу жааган жаан-чачындын натыйжасында сел жүргөн.

Тактап айтканда, Кадамжай районунун Орозбеков, Масалиев, Көтөрмө айыл аймагында, Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут айыл аймактарында келген сел ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү жабыркаткан. Үйлөрдүн короолоруна сел кирип, эгин талааларын каптаган.

Ошондой эле Кадамжай шаарындагы сел “Матиз” үлгүсүндөгү унааны агызган, айдоочуну  жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Анын абалы туруктуу, ооруканада дарыланууда.

Учурда кырсык болгон аймактарда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев сел болгон аймактарда сел кесепеттерин жоюу иштерин жеринде көзөмөлдөөдө. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан чыгымдар такталууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>