Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Кыргызстанда медициналык беткаптар кошумча нарк салыгынан бошотулду
17.03.2020 | 18:15
Медициналык беткаптар Кыргызстандын аймактарына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул чечим калкты медициналык каражаттар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Аталган уюмдун негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика