Кыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чуу
Кыргызстанда медициналык беткаптар кошумча нарк салыгынан бошотулду
17.03.2020 | 18:15
Медициналык беткаптар Кыргызстандын аймактарына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул чечим калкты медициналык каражаттар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Аталган уюмдун негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика