Кыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөн мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. 2026-жылдын 8-октябрындагы № 676 тиешелүү токтомдо «Чайна Петроль Компани «Жунда» ЖЧКсынын продукциясы үчүн өзгөчөлүк каралган.
Документке ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин аталган компания мунай продуктуларын төмөнкү көлөмдө экспорттой алат:
• меш отуну — 9 800 тоннадан ашык эмес;
• мазут — 1 500 тоннадан ашык эмес.
Ошентип, экспорттоого уруксат берилген мунай продуктуларынын жалпы көлөмү 11 300 тоннаны түзөт.
Өзгөртүүлөр КРдан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салган Өкмөттүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 токтомуна киргизилди.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.