«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралуу

Кыргыз альпинизминин 90 жылдыгы белгиленип жаткан жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Дмитрий Греков Reporter.kg басылмасына кыргыз альпинизминин туңгуч музейинин мааниси, чокуларды багындыргандардын элеси жана альпинистте болушу керек болгон башкы сапаттар тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, аймагынын 90%га жакынын тоолор ээлеген өлкө үчүн музейдин ачылышы маанилүү окуя болду. Тогуз он жылдык аралыгында кыргыз альпинизми чоң жолду басып өтүп, көптөгөн ийгиликтерге жана тарыхый окуяларга бай болду, эми алардын баары бир жерге чогултулду.
«Акыры бизде ушундай музейдин ачылганы абдан жакшы болду. Кантсе да 90 жыл — чоң мөөнөт. Кыргыз альпинизминде канчалаган муундар алмашып, көптөгөн жетишкендиктер болду. Буга чейин сүрөттөр менен документтер бирөөнүн текчесинде, бирөөнүн альбомунда сакталып келген. Ал эми азыр биз мунун баарын ушул жерден көрө алабыз. Бул — биздин тарыхыбыздын чагылышы», — деп белгиледи Греков.
Альпинистке өзү менен чогуу тоолорго чыккан адамдардын жана арабызда жок болуп калган устаттарынын эски сүрөттөрү өзгөчө таасир калтырган.
«Мен бирге тоого чыккан же мага устат болгон адамдардын сүрөттөрү жүрөгүмдү козгоду. Алардын элеси бул жерде сакталып калганы абдан жакшы. Жаш муун мурда адамдар тоого кантип чыкканын жана кандай бийиктиктерди багындырганын көрө алат», — деди ал.
Жаш альпинисттерге зарыл болгон сапаттар тууралуу айтып жатып, Греков биринчи орунга сергек акыл-эсти жана өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалай билүүнү койду.
«Альпинизм шарты боюнча согуштук аракеттерге абдан жакын. Бирок бул согуш эмес да. Тоого курман болуу үчүн чыгуунун кереги жок. Өз күчүңдү баалай билип, эгер жагдай талапка жооп бербей, кооптуу болуп кетсе, өз убагында артка кайтуу керек. Баары эмне менен бүтөрүн билбей туруп тобокелге салып акырына чейин барганга караганда, бул алда канча баалуу кадам», — деп баса белгиледи альпинист.
Анын айтымында, өжөрлүк, кайраттуулук жана оор физикалык эмгекке даяр болуу да кем эмес мааниге ээ.
Греков ошондой эле каттамдын татаалдыгына карабастан, ар бир тоого чыгуу адамга жаңы тажрыйба берерин кошумчалады.
«Мурда альпинисттик лагерлердин жолдомолоруна: „Альпинизм — эр жүрөктүүлүктүн мектеби“ деп жазышчу. Биз болсо кыздарга тамашалап: „Күйөөгө чыгуунун мектеби“ деп койчубуз. Бирок чынында эле альпинизм — нагыз мектеп. Сен дайыма үйрөнөсүң, такшаласың, жаңы нерселерди өздөштүрөсүң. Ошондуктан ар бир тоого чыгуу адамды бир нерсеге үйрөтөт деп ойлойм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова