«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жетти

06.10.2026 | 12:33
«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жетти — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айына карата 252 миң 699 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул 191 миң 796 балага, сентябрь айында 232 миң 529 балага берилген. Июль айына салыштырмалуу алуучулардын саны 60 миң 903 адамга (31,8%), ал эми сентябрь айына салыштырмалуу 20 миң 170 адамга (8,7%) өскөн.

Алуучулардын көбөйүшү менен каржылоо көлөмү да жогорулаган. Сентябрь айында жөлөк пул төлөөгө 285 млн 588 миң 480 сом каралган болсо, октябрь айында 310 млн 535 миң 520 сом которулган.

«Бала ырысы» программасы 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Түндүк» системасы жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу санариптик форматта ишке ашырылып келет. Жөлөк пул 0дөн 36 айга чейинки курактагы балдарга дайындалып, алуучулардын банктык эсептерине которулат.

Scroll to Top