Кыргызстан жана Казакстанда жасалма доллар саткан топ кармалды

Кыргызстан жана Казакстанда жасалма доллар саткан топ кармалды

УКМК финансы-банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.  Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган топ Кыргызстандын жана Казакстандын аймагында 100 АКШ доллары  номиналындагы ири суммадагы жасалма банкнотторду саткан.

Аталган топ «Оптима Банк» ААКтын терминалдары аркылуу банктык карталарды толуктоо жолу менен жасалма акчаны «адалдоо» менен алектенип, Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар аркылуу да саткандыгы аныкталган. 45 миң АКШ долларынан ашык жасалма 100 долларлык купюралар аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында КР жарандары  З.Р.М. , Г.Ш.Д. , З.С.Т., Б.Р.И. жана коңушу мамлекеттин жарандары Б.С.К., К.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ушундай эле факт боюнча буга чейин 50 000 жасалма АКШ долларын 20 000 долларга сатууну көздөгөн КРнын Р.У.Э. аттуу жараны кармалган.

Азыркы учурда ал УКМКнын тергөө абагында. Учурда бул топко тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>