Кыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүн

19.08.2026 | 11:25
Кыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүн — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 19 компания мажбурлап жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында эл аралык санкциялык режимдерди сактоо маселелери боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде айтылды.

Экономика министрлигинин маалыматында, кеңешмеде мекемелер аралык топ санкциялык тобокелдиктери жогору деп табылган 40ка жакын компанияга жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгын карашкан. Натыйжада 19 юридикалык жактын ишин токтотуу зарылдыгы аныкталып, аларды мажбурлап жоюу үчүн адилет органдарына кайрылуу жөнөтүлгөн. Калган компаниялар боюнча текшерүү иштери уланууда.

Ошондой эле кеңешмеде Улуттук банктын төлөм кызматтары чөйрөсүндөгү көзөмөлдү күчөтүү чаралары талкууланган. 2026-жылдын июль айынан 14-августуна чейинки аралыкта мамлекеттик банктар тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылган:

  • «Элдик Банк» ААКсы 109 компания менен ишкер мамилелерин токтоткон, дагы 20га жакын компаниянын эсептерин жабуу процесси жүргүзүүдө.
  • «АБАНК» ААКсы 35 компания менен кызматташууну токтоткон. Ал эми 40ка жакын компания текшерүүдөн өтүүдө.

Ошондой эле мамлекеттик банктар операциялардын бардык этаптарында комплаенс-контролду күчөтүүнү улантары айтылды. Мында документтердин негиздүүлүгүн, товарларды жана кызматтарды алуучуларды, ошондой эле жүктөр жөнөтүлгөн өлкөлөрдү текшерүүгө басым жасалат.

Министрлик бул чаралар каржылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык милдеттенмелерди сактоого багытталганын билдирди.

Scroll to Top