Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Көчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат
19.08.2026 | 11:48

22-августта «Бишкек Арена» стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясы өтөт. Буга байланыштуу саат 10:00дөн 19:00гө чейин айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.
Мэриянын маалыматында, төмөнкү көчө тилкелери убактылуу жабылат:
- Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;
- Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
- Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом