Кыргызстанда сталкинг үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда
Жогорку Кеңеште биринчи жолу адамды көшөрүп аңдуу (навязчивое преследование) — сталкинг үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Кылмыш-жаза кодексин жаңы 190-1-берене менен толуктоону сунуштайт.
Сталкинг деп адамды системалуу түрдө аңдуу, изине түшүү же анын эркине каршы байланыш түзүү аракеттери, анын ичинде интернет аркылуу байланышууга аракет кылуу түшүнүлөт. Мындай аракеттер үчүн эркинен чектөө же айып пул салуу, ал эми оордотуучу жагдайларда — бир жылга чейин, оор учурларда — беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Максималдуу жаза балдарды, кош бойлуу аялдарды аңдыгандыгы же кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн күтөт.
Иштеп чыгуучулар белгилегендей, колдонуудагы мыйзамдарда системалуу аңдуу жөнүндө өзүнчө ченем жок, бирок иш жүзүндө сталкинг көп учурда оор кылмыштарга чейинки абал болуп саналат. Мыйзам долбоору жарандардын жеке коопсуздугун жана психологиялык бейпилдигин коргоого багытталган.