Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы хоккей боюнча Азия кубогунун күмүш байгесин жеңип алды
04.05.2026 | 15:00
Кыргызстандыктар өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча Азия кубогунда — IIHF U-18 Asia Cup турниринде экинчи орунду ээлешти. Финалда команда Өзбекстандын курамасына 2:3 эсебинде жеңилип калды.
Турнирге алты курама команда: Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Индия, Индонезия жана Макао катышты. Мелдештер Бишкекте өттү.
«Жыйынтык республикада аймактын күчтүү командалары менен тең тайлаша атаандашууга жөндөмдүү таланттуу жаштар өсүп келе жатканын тастыктайт», — деп белгиледи Кыргызстандын Хоккей федерациясы, турнирдин бүткүл жумалыгы бою колдоо көрсөткөн күйөрмандарга ыраазычылык билдирип.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт