Көчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Кыргызстанда тамак-аш азыктары көбүрөөк чыгарыла баштады
28.02.2023 | 19:00
Ушул жылдын январь айында Кыргызстанда тамак-аш, суусундуктар жана тамеки буюмдарын өндүрүү өстү. Өсүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,7%ды түздү. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Тамак-аш жана тамеки продукцияларынын жалпы көлөмү 4 миллиард 258,4 миллион сомду түздү.
Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү эт азыктарын (13,6 пайызга), дистилденген алкоголдук ичимдиктерди (43,1 пайызга), ошондой эле нан азыктарын жана кондитердик азыктарды (12,2 пайызга) чыгаруунун көбөйүшү менен шартталган”, — деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика