Нарында милиция кызматкерлери генералдар менен жолугушту

Нарында милиция кызматкерлери генералдар менен жолугушту

Бүгүн, 28-февраль күнү Нарын облусунун музыкалык мектебинде ИИМдин Генералдар кеңешинин мүчөлөрү менен Нарын облустук милициясынын өздүк курамы жана ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев жана мүчөлөрү Бексултан Ишимов, Аалыбай Кайыпов, Нарын ОИИБдин начальниги Канат Жумагазиев, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышышкан.

Иш-чара Нарын облусунун ички иштер органдарынын кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерине арналган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталып, Нарын облусунун музыкалык мектебинде уланган.

Жолугушууда генерал-майор Садырбек Дубанаев кыргыз милициясынын учурдагы ролу зор экендигин, милиция кызматкерлери бүгүнкү күндө жетиштүү деңгээлде камсыздалып, мамлекет тарабынан каржыланып материалдык-техникалык жактан мыкты экендигин айткан.

Келген генералдар кенен сөз сүйлөшүп, кызмат өтөп жаткан жаӊы муунга акыл-насааттарын айтышкан.

«Улуу муундун салтын улап, келечек муунга, анын ичинде аймактарда кызмат өтөп келе жаткан милиция кызматкерлерине, бүгүнкү турмуштагы аткарып жаткан милдеттери тууралуу баян этишип, аларды кызматтык милдеттерин так аткарып, намыска бек болууга, элдин коопсуздугунун чыныгы сакчысы болууга чакырышты», — деп билдиришти облустук милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>