Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт
17.05.2026 | 12:03

17-майдан 22-майга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында Тажикстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Тажикстандан 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегация катышат.
Программанын алкагында концерттер, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана тасмаларды көрсөтүү уюштурулат. Иш-чаралардын графиги:
18-май:
- 10:00 — Улуттук китепканада «Турсунзода жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аттуу илимий-адабий жолугушуу;
- 16:00 — «Ала-Тоо» кинотеатрында «Өмүр керемет» тасмасын көрсөтүү.
19-май:
- 10:00 — Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы;
- 14:00 — «Ала-Тоо» кинотеатрында «Рустам тууралуу баян» тасмасын көрсөтүү;
- 18:30 — Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда маданият күндөрүнүн ачылыш аземи.
20-май:
- 14:00 — «Ала-Тоо» кинотеатрында «Чындык издеп» тасмасын көрсөтүү.
21-май (Чолпон-Ата шаары):
- 18:00 — «Рух-Ордо» маданий борборунда маданият күндөрүнүн жабылуу аземи.
Министрлик бул иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият