Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бүгүн, 17-майда белгиленип жаткан Энелер күнү менен куттуктады. Өз кайрылуусунда ал эненин коомдогу жана үй-бүлөдөгү ролун белгиледи.
«Кыргыз элинде байыртадан эле айтылып келе жаткан «Эне – үйдүн куту» деген сөз – көчмөн элибиздин турмушунан, дүйнө таанымынан жана кылымдар бою калыбын бузбай, таасирин жазбай сакталып келаткан нарк-насилинен келип чыккан уңгулуу түшүнүк. Чындыгында эле, эне – өмүрдүн башаты, үй-бүлөнүн жүрөгү, тарбиянын тунгуч булагы!» — деген Садыр Жапаров өз куттуктоосунда.
Мамлекет башчысы ошондой эле бүгүнкү күндө энелердин мамлекеттик жана коомдук иштердеги салымына токтолду:
«Бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбостон, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип, коомубуздун таянычына айланган. Ошондуктан кыргыз коомчулугу энени жөн гана бала төрөгөн аял эмес, үйдүн куту, тарбиянын башаты жана улуттун келечегин калыптандыруучу аты улук аялзаты катары жогору баалашат».
Садыр Жапаров энелердин келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилигин жана эмгегин баса белгилеп, энелер элибиздин нарк-насилин, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга өткөрүп келе жатканын кошумчалады. Куттуктоонун аягында президент бардык энелерге бакубатчылык жана бакыт каалап, майрамы менен куттуктады.