Өзгөн районунда жаңы базардын курулушу башталды

17.05.2026 | 11:00

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы базарынын курулушу башталды. Курулушка президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев капсула салды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы соода комплекси Төрт-Көл айыл аймагындагы 13,86 гектар жерге курулат. Долбоор «Альянс Инвест Групп» компаниясы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин алкагында ишке ашырылууда.

Жаңы базарда 4 миң орундуу соода түйүнү, көп кабаттуу унаа токтотуучу жай, соода-эс алуу борбору, банк жана тамактануу жайлары жайгашат. Ошондой эле туристтик соода аймагы болот.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, учурдагы Өзгөн борбордук базарында 988 мыйзамдуу жана 2000ге жакын мыйзамсыз соода түйүндөрү бар. Жаңы базар ишке киргенде жергиликтүү бюджетке ай сайын 10 млн сомго чейин киреше түшөрү күтүлүүдө. Ошондой эле жол тыгындарын азайтууга жана санитардык абалды жакшыртууга шарт түзүлөт.

Ал эми эски базардын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү жана скверлерди куруу пландалып жатканы айтылды.

Scroll to Top