Баласын таштанды челекке таштап кеткен жаш эне: Өз баламдан баш тартпайм

Баласын таштанды челекке таштап кеткен жаш эне: Өз баламдан баш тартпайм

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева таштанды челектен табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына таштанды челектен табылган ымыркай тууралуу маалымат жарыялангандан кийин акыйкатчы Жаманбаева институттун кызматкерлерине баланын укуктарын коргоону камсыздоо тапшырмасын берген.

«Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, бала шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде дарыланууда, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Андан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул ишке шектүү А.С. милиция тарабынан кармалгандан кийин №1 тергөө абагына жаш эненин кармоо шарттары менен таанышуу үчүн барган. Бирок кызматкерлер барган учурда ал ооруканага операция жасатуу үчүн которулганы белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң ооруканага барган кызматкерлер баланын таштап кеткен жаш эне менен маектешкен.

«Ал өзүнүн версиясын айтып берди. Аялдын айтымында, баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөн. Анын айтымында, катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган.

Кылмыш жасоого шектүү аял баланын атасы ким экенин тууралуу маалыматты айтып берүүнү каалаган жок. Бирок баланын атасы ким экенин биле турганын айтты», — деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Жаш эне Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине баласынан баш тартпай турганын айткан.

«Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат»,— дейт жаш эне.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Эскерте кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылып,  №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бөбөктүн абалы туруктуу, эркек баланын салмагы 2 кг 210 грамм болуп төрөлгөн.

Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен делип 21 жаштагы жаш эне кармалган. Ага карата «өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети» айыбы менен иш козголгон.

12-октябрда баланын энеси табылып,  2024-жылдын 11-январына чейин камакка алынган. Бирок анын ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасы кайра каралып, эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулган.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ымыркай таенесине берилерин кабарлады.

Таштанды челектен табылган ымыркайды таенеси алып кетүүгө даяр, — Эмгек министрлиги

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>