Кыргызстанда Улуттук холдинг түзүлдү

Кыргызстанда Улуттук холдинг түзүлдү

Уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 29-январындагы “Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

“Ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат”, — деп түшүндүрдү министрлер кабинетиндегилер.

«Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун түзүүчүсү катары Финансы министрлиги белгиленди. Ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленип, 2022-жылы 1 млрд сомго чейин жеткирилери айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>