Кыргызстанда В гепатитине каршы эмдөө жүрүүдө

Кыргызстанда В гепатитине каршы эмдөө жүрүүдө

Кыргызстанда калкты В гепатитине каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.

Маалым болгондой, эмдөөдөн 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар өтө алышат. Эмдөө жашаган жер боюнча үй-бүлөлүк медициналык борбор же жалпы дарыгерлер практикалык борборлордо жүргүзүлөт.

«В гепатити – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу татаалдашууларга алып келиши мүмкүн болгон кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору экендигин эске сала кетмекчибиз. В гепатитине каршы эмдөө сиздердин ден соолугуңузду коргойт жана боор ооруларынын татаалдашууларын алдын алууга жардам берет», — деп билдирет аталган борбор.

Эмдөөнүн алдында «В» вирустук гепатитине акысыз экспресс тестирлөө жүргүзүлөт.

В гепатитине каршы вакцина 0-1-6 схемасы боюнча үч жолу аралыктар менен жасалат:

  • биринчи дозасы эмделген күнү,
  • экинчи дозасы 1 айдан кийин жасалат,
  • үчүнчү доза 6 айдан кийин жасалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>