Кыргызстанда ымыркайлардын 44 пайызы гана эне сүтү менен багылат

Кыргызстанда алты айга чейинки балдардын 44 пайызы гана эне сүтү менен гана (башка кошумча тамаксыз) багылат. Мындай маалыматты ЮНИСЕФ билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2030-жылга чейин жетиши керек болгон 70 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн кыйла төмөн. Республика бул максатка жетүү милдеттенмесин 2025-жылы Парижде өткөн Nutrition for Growth (N4G) саммитинин алкагында алган.
Мындан тышкары, 20–23 айлык балдардын 27 пайызы гана эне сүтүн алууну улантышат.
«Эне сүтү менен багуу — баланын ден соолугун жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тартып сактоонун эң маанилүү факторлорунун бири. Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде кеңеш берүү тутумун өнүктүрүп, медицина кызматкерлеринин потенциалын бекемдеп жана калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңейтүүдө», — деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова.
ЮНИСЕФ ошондой эле эне сүтү менен багуу баланын ден соолугун сактоого гана эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон узак мөөнөттүү инвестиция экенин баса белгиледи. Уюмдун эсеби боюнча, тамактанууну жакшыртууга, анын ичинде эне сүтү менен багууну колдоого жумшалган ар бир сом келечекте 22 сомдон 25 сомго чейин экономикалык киреше алып келет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, эне сүтү менен ийгиликтүү багуу саламаттык сактоо тутумунун, үй-бүлөнүн, иш берүүчүлөрдүн жана коомдун колдоосусуз мүмкүн эмес.
Жыл сайын 1-августтан 7-августка чейин бүткүл дүйнөдө Эне сүтү менен багуунун бүткүл дүйнөлүк жумалыгы өтөт. Анын максаты — бала эмизген энелерди колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылчылыгына көңүл буруу.