Кыргызстанда жасалма ПЦР-тесттерди саткан шылуундар көбөйдү

Кыргызстанда жасалма ПЦР-тесттерди саткан шылуундар көбөйдү

Кыргызстанда жасалма ПЦР-тесттерди саткан шылуундар көбөйгөн. Бул тууралуу “Али Токтакунов МедиаХабы” жүргүзгөн журналисттик иликтөө учурунда белгилүү болду.

Журналисттик иликтөөдө Чүйдөгү “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинин аймагында жасалма ПЦР-тестти 1700-3000 сомдун тегерегинде сатышаарын билүүгө болот.

Андан тышкары, Талас облусундагы Чоң-Капка өткөрмө бекетинин аймагында жасалма ПЦР-тесттерди жасап саткан адамдар аныкталган. Ал жерде Казакстандын Жамбыл облусуна кирип чыккан жүк ташыган унаалардын айдоочулар үчүн жасалма ПЦР-тесттин баасы 500 сом, Орусияга Казакстан аркылуу транзит менен кеткен айдоочуларга 1000 сом экени аныкталган.

Ушул эле чек ара өткөрмө бекетинин жанындагы “Aqua Lab” лабораториясынын филиалынын медайымы бир канча убакыттан бери “терс” жыйынтыктагы жасалма ПЦР-тесттерди эки миң сомдон жасап сатып келгени ачыкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>