Желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Мыйзам долбоор каралды

Желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Мыйзам долбоор каралды

Жогорку Кеңештин 15-июндагы  жыйынында  «Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Жоруктар жөнүндөгү  кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоорлору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргызстанда полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевден 2027-жылдын 1-январынан тартып бир жолу колдонулуучу желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча экинчи окууга сунуш түшкөнүн белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>